ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынан баңгизатты мыйзамсыз даярдоого шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-августта Жалал-Абад ОИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталган материал боюнча тергөө тапшырмасынын алкагында 1974-жылы туулган Сузак районунун тургунуна карата ыкчам-иликтөө амалдарын жүргүзүлө баштаган. Бул жаран бир ай мурда Бишкек шаарына көчүп кеткендиктен, аны тергөөгө камсыз кылуу тапшырмасы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына берилген. Жогорудагы жаран жашаган үйүнүн жанында өзүнүн жүрүм-турумун шектүү катары алып жүргөндүктөн, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери “102” кызматы аркылуу Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам тергөө тобун тинтүү иштерин жүргүзгөнгө чакырган. 7-августта аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Окуя болгон жерге тергөө тобу чыгышып, жарандан тинтүү убагында чолок шымынын чөнтөгүнөн ак кагазга оролгон, кочкул жашыл түстөгү кара куурай жытына окшош заты алынган. Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 8-августта Бишкек шаарында жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, үйдүн эс алуу бөлмөсүнүн эмерегинин астында 1 ширеңкенин кутучасы чыккан. Анын ичинде кочкул жашыл түстөгү кара куурай жытына окшош заттар бар экендиги аныкталган. Алынган заттар экспертизага жөнүтүлүп, ал заттар “каннабис чайыры” экени аныкталган. 8-августта жаран кармалып, камакка алынды.
Блогердин буга чейин соцтармакта аялдардын ич кийимин кийип түз эфирге чыккан жоругу коомчулуктун нааразычылыгын жараткан.