Ысык-Ата районунда ТикТоктогу Azattyk аккаунтунун ээси акча талап кылуу беренеси боюнча шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 1997-жылы туулган кыз кайрылып, баракчанын ээсине чара көрүүнү суранган.
Анын айтымында, 20-декабрдан тарта ушул күнгө чейин сүрөттөрүн колдонуп, кадыр-баркына шек келтирген сөздөрдү жазган. Ал эми постту өчүрүү үчүн акча талап кылган. Шектүү катары 1992-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.