УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, бүгүн 19-апрелде Конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Тилекмат Куренов БАЭден кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти
«Кармалган жаран республиканын чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттары аркылуу Кыргызстандагы бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен массалык башаламандыкты уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда анын кылмыштуу байланыштарын аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары Кыргыз Республикасынын аймагында да, республиканын чегинен тышкары жерлерде да жүргүзүлүүдө.