Тибетте жер титирөө катталып, акыркы маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 95 адамга жетти. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, жер титирөөнүн күчү 6,8 баллга жеткенин билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Кытайдын Шигадзе шаарындагы Тингри округунда болгон. Эң көп жабыр тарткан Тингри, Лхатсе жана Сакья райондору болду. Бул аймактарда 1000ден ашуун үй талкаланганы кабарланды.
Каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Учурда адамдарды коопсуз жайга эвакуациялоо иштери жүрүп жатат.