Тиш дарылатып чарчап калган 3 жашар кыз. Соттон жабырлануучу тарап жаңжал чыгарганын билдиришти

Кечээ, 24-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда тиш дарылоо учурунда каза тапкан 3 жашар кыздын өлүмү боюнча алдын ала угуу башталды. Алдын ала угуу аяктаган соң, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлдөрү жана тарапташтары чыр-чатак чыгарып, соттун эмеректеринин талкалашып, айыпталуучулар менен жактоочулар жаракат алышкан. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунан билдиришти.

«Бул факты боюнча Октябрь райондук соту, жабыркаган айыпкерлер жана башка тартаптар тиешелүү органга кайрылышты. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту бул чагымчыл жагдайды сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууга басым жасоо катары баалайт жана мындай жагдайларга жол берилбестигин эскертет»,- дешти.

18-декабрда Бишкекте тишин дарылаткан 3 жашар кыз чарчап калган. 12-январда Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн шектүү кармалган. Ал 1992-жылы туулган аял киши болгон. Бирок сот аны үй камагына чыгарып жиберген. Кийин Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун директору да кармалып, камакка алынган. Ошондой эле сот мурда үй камагына чыгарылган анестезиологдун бөгөт чарасын өзгөртүп, кайра камакка алганын билдирген.