Тогуз күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыга Интерпол аркылуу издөө жарыяланды

Кыргыз жараны, “Сапат” билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандыга Интерпол аркылуу издөө жарыяланды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине ИИМден кабарлашты.

Орхан Инандыны издөө жана тактоо боюнча сотко чейинки өндүрүш ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө. Милиция «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону маалым.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.