Тогуз-Торо милициясы мал уурдоого шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө 51 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, 20-июль күнү 1 баш “Ангус” пародасындагы базар баасы 150 миң сомдук букасын белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты Тогуз-Торо РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Клмыш ишине шектелип Тогуз-Торо районунун 1984, 1995, 1996 жана 1997-жылы туулган тургундар кармалышкан. 9-октябрда шектүүлөрдүн бөгөт коюу чарасы Тогуз-Торо райондук сотунда каралып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо максатында тийиштүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.