Кечээ, 16-февраль күнү кечинде Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Каргалык айылында күйүүчү май ташыган «Камаз» унаасын оңдоо учурунда цистернасы жарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кырсыктын кесепетинен эки адам жабыркаган. Мындан улам 33 жаштагы эркек киши хирургия бөлүмүнө, 34 жаштагы эркек адам жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.