Тогуз-Тородо кар көчкү астында калган Кыргыз жараны 12 күндөн кийин табылды

Бүгүн, 26-февралда саат 12:30 чамасында Тогуз-Торо районунда кар көчкү астында калган 24 жаштагы Кыргыз жараны 12 күндөн кийин табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жансыз денени куткаруучулар милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Издөө иштерин 74 куткаруучу, “Чайна Роуд” ишканасынан 7 атайын техника, Чек ара кызматынан 4 кызматкер, Тез жардам кызматынан 1 бригада, 4 милиция кызматкери алып барууда. Учурда калган 3 Кытай жаранын издөө жана унаа жолду тазалоо иш-чаралары уланууда. Кырсык катталган жерде издөө ишин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов жетектөөдө.

14-февраль күнү Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкүлөр түшкөн (көлөмдөрү такталууда). Кар көчкү түшкөн аймакта 4 адам дайынсыз болуп жаткан. Алардын бири Кыргыз жараны, калганы Кытай жараны болгон.