Тойдогу таанышуу кыз ала качуу менен аяктады. Кылмышка шектүүлөр кармалды

Чүйдө кыз ала качууга шектелген жигиттер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

19-октябрь күнү Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Киргшелк айылынан 2003-жылы туулган кызды белгисиз бирөөлөр алып качып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 175-беренеси (адамды никеге туруу максатында уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кыз Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирине алып барылгандыгы такталып, кыз ала качууга шектелип, 1999, 1991, 1999-жылы туулган жигиттер кармалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 17-октябрь күнү жогорудагы кыз курбу кызынын үлпөт тоюнда ала качкан балдардын бири менен таанышып калган. Кийин ал бала кыздын макулдугу жок алып качып кеткени маалым болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кыз ата-энесине кайтарылып берилген, ал эми шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.