«Тойдон келе жатып, мушташа кетишкен». Чек ара кызматынын аскер кызматкери адам өлтүрүүгө шектелип жатат

УКМКнын Чек ара кызматынын кезектеги өргүүдө жүргөн аскер кызматкери адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын четинде эркек адамдын сөөгү табылган. Лейлек районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 6-сентябрдан бери кезектеги өргүүдө жүргөн 1991-жылы туулган УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери бул окуяга шектүү катары өтүүдө.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, 17-сентябрь күнү аталган аскер кызматкери эки досу менен үлпөт тойдон кайтып келе жатышкан. Эки достун ортосунда чыккан ооз эки кайым-айтышуу мушташка айланып, жыйынтыгында бири каза болгон. 18-сентябрда аскер кызматкери укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.