Төкмө акын Болот Назаров ат уурдоого шектелип кармалды

Москва районунда бирөөнүн жылкысын тартып алууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-ноябрь күнү Москва РИИБге Беловодское айылынын 1968-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Арызында 7-ноябрь күнү түштөн кийинки убакытта Чоң-Арык айылынын талаасында белгисиз эркек киши 2008-жылы туулган уулунун минип жүргөн айгырын, сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, анан мингенден кийин баласына күч колдонуп айгырын минген боюнча, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Москва РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон. 9-ноябрь күнү Москва РИИБнүн кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасаган адам 1993-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран экендиги такталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Уурдалган жылкы буюм далили катары алынган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төкмө акын Болот Назаровдун эжеси анын Беловодское айылына кеткенин, сүрөттөн инисин тааныганын айтты.