Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында каракчылыкка шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2021-жылдын 25-март күнү саат 01:30 чамасында Токмок ШИИБнө каракчылык фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 202 (каракчылык) беренесине ылайык катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
«Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келгенде, белгисиз эки адам 69 жаштагы К.В. нын үйүнө бычак жана балта менен киришкени, үй кожоюндары аларды көрүп, каршылык көрсөтүшкөнү маалым болду»,- деп айтылат маалыматта.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү деп эки жаран кармалды. Алар 21 жаштагы Б.А. Нарын облусунун тургуну жана 23 жаштагы С.И. Чүй облусунун тургуну.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.