Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 24-июнда Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиевди кармап кеткени кабарланууда.
23-июнда Инстаграмдагы tokmok_live баракчасында Токмок шаарынын 1-3-кичи райондорунун тургундарыбыз деген адамдар президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан. Видео кайрылууда ал аймакка салынып жаткан жаңы сейил бактын курулушу убагында бүтпөй жана курулуш сапатсыз жүрүп жатканын айтышкан.
24-июнда социалдык тармактарда Токмок шаарынын мэриясынын имаратынан жарандык кийимчен адамдар үч кишини алып чыгып кетип баратканы тартылган тасма тарады.
Расмий маалымат берише элек.










