Токмокто 46 жаштагы киши сабалып, көз жумду

Токмокто мушташтын айынан жаран каза болуп, шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-апрелде саат 17:00 чамасында Токмок шаарынын Луговая көчөсүндө 1994-жылы туулган жаран менен 1978-жылы туулган жаран спирт ичиндигин ичип отурушуп, уруша кетип, мушташка айланган. 1994-жылы туулган жаран 1978-жылы туулган жаранды жыгач менен сабап салган. Кесепетинен ал каза болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалган. Тергөө жүрүп жатат.