Бүгүн, 19-октябрда саат 01:20 чамасында 1994-жылы туулган жаран Тойота Лэнд Крузер унаасы менен Токмок шаарында бара жатып жолдо турган жөө жүргүнчүлөр 1987-жылы туулган Чүй РИИБнүн кызматкерин жана 1993-жылы туулган жаранды сүзүп кеткен.
Жол кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчүлөр Токмок шаарынын аймактык ооруканасына жаткырылган. Токмок ШИИБдин тергөө амалдарынын жыйынтыгында Тойота Лэнд Крузер үлгүсүндөгү айдоочусу болуп 1990-жылы туулган Токмок шаардык кеңешинен депутаты болуп аныкталган. Ал толугу менен күнөөсүн мойнуна алып айдоочунун спирт ичимдигин аныктоо үчүн медициналык текшерүүдөн өткөзүлүп жыйынтыгында айдоочу мас абалында экени аныкталган.