Чүйдө жол кырсыгы катталып, 1 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында катталган. Toyota Ipsum менен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 48 жаштагы киши көз жумуп, дагы 4 киши жабыркаган. Жабыркагандар Токмок шаардык ооруканасына жеткирилди.












