Токмокто жол кырсыкта каза болгон 8 адамдын бешөө бир үй-бүлө мүчөсү болгон

27-майда Токмокто жол кырсыгы катталып, 8 адам көз жумган. Маалыматка караганда, Хонда Одиссей Нарын облусунан Бишкек шаарын көздөй бара жатып, 78-чакырымдан каршы тилкеге чыгып, Манипулятор унаасы менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаадан 8 жаран окуя болгон жерден көз жумган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдардын айылдаштары каза болгондор тууралуу маалымат беришти. Айылдашынын маалыматына караганда, алар Бишкекке тойго келе жатышкан. «Каза болгон айдоочу Баш-Кайыңды айылындагы мектепте дене тарбия сабагынан берген агай эле. Агай жубайы жана 3 жаштагы кызы менен каза болду. Унаанын ичинде анын бир тууган карындашы жана анын кызы болгон. Дагы 3 таанышы бар экен. Кыязы туугандары эле окшойт. Бүгүн жерге берилет», — деди айылдашы.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, айдоочунун жубайы да мугалим болгон.