Токмокто жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден үч баласы менен аялды сүзүп кеткендеги видео

11-майда саат 17:25 чамасында Токмок шаарындагы Ибраимов көчөсүндө жайгашкан медициналык борбордун тушунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй олустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. 

1947-жылы туулган айдоочу TOYOTA SEQUOVA үлгүсүндөгү унаасы менен бара жаткан учурда жөө өтмөк менен өтүп бара жаткан 2003, 2016, 2021-жылы туулган балдарды жана 1976-жылы туулган аялды сүзүп кеткен. Алар Токмок шаардык ооруканасына жаткырылган.