Токмокто жүрөк үшүн алган жол кырсык. 35 жаштагы жаран каза болуп, бешөө жаракат алды

Бүгүн, 18-январда Токмокто жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталганы маалым болгон. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан маалымат беришти.

Бүгүн саат 12:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 71,500-чакырымында ВАЗ-2107 унаасы Токмок шаарынын Парковый көчөсү менен бара жатып айланма жолго чыга калган учурда Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасына урунган. Андан соң каршы тилкеде келе жаткан Мерседес-Бенц Спринтер үлгүнсүндөгү унаасына урунган. Жол кырсыктын кесепетинен 1987-жылы туулган жаран ошол жерден көз жумду. Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүлөрү алдын ала маалымат боюнча 5 адам жаракат алды.