13-май күнү Токмок шаардык ӨКБга милиция кызматкерлери Дача-1 айылындагы 7 жашар бала 12-май күнү саат 18:00 чамасында көчөдө ойноп жүргөн жеринен дайынсыз болгондуктан, Токмок шаардык ӨКБга издеп-куткаруу иштерине көмөк көрсөтүү үчүн милиция кызматкерлери кайрылган.
Каналга түшүп кетиши мүмкүн деген божомол менен издөө иштерине Токмок шаардык ӨКБдан 4 кызматкер, ИИМден 16 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган. Ал күнү издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес.