Токмокто карындашын коргоп, ок чыгарган жарандын бир тууганы президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.
«Урматтуу, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевден суранат элем. Агамды үй камагына чыгарыңыздар. Мага окшоп дагы канча аял кор болушу керек? Мындай ишти токтотолу», — деди ал.
1-июлда карындашына зомбулук көрсөткөн адамга травматикалык тапанчадан ок чыгарып, өлтүрүп алууга шектелген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 3-июлда анын бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакта калтырылды.
SUPERTV каргашалуу окуяда жапа чеккен Асел Жумакуловадан маек алган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram