Токмокто зордукталып, төрөгөн 13 жаштагы кыз. Өкүм 4 жылдан бери чыга элек

Токмокто 13 жаштагы зордукталган кыз төрөдү. Сот төрт жылдан бери өкүм чыгара элек. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын ноябрь айында өспүрүм кошунасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган. 2019-жылдын май айында жабырлануучунун апасы кызынын боюнда бар экенин билген.

«Апасы кызын УЗИге алып барган, ал жерде кош бойлуулуктун бешинчи айы деп белгиленген. Бул тууралуу дарыгерлер милицияга билдиришкен. 2019-жылдын июнь айында кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө зордуктаган деп үй-бүлөнүн кошунасы аныкталды», — деп жазган Назгүл Турдубекова.

Кармалгандан бери шектүү күнөөсүн мойнуна албай келет. Шектүү тукумсуз болгондуктан, андан боюна бүтө албай турганын айткан. Тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши зордуктоо боюнча айыпталып, сотко өткөн.

Соттун жүрүшүндө жабырлануучу кыз төрөгөн. Айыпталуучу өзүнүн тукумсуздугун жана күнөөсүздүгүн айтууну уланткан. Бирок эксперттик комиссия эркектин тукумсуздугу диагнозун жокко чыгарган.

Өз кезегинде айыпталуучунун жактоочусу Москвадагы клиникалардын биринде ДНК-экспертизасын өткөрүү боюнча арыз жазган. Анализге кеткен чыгымды айыпталуучулардын жакындары төлөшкөн. Жабыркаган кыз наристеси менен ДНК-анализинен өткөн. Москвада жүргүзүлгөн ДНК-изилдөөнүн жыйынтыгы бала аныкы экенин тастыктаган. Атасы болуу ыктымалдыгы 99,9999 пайызды түзгөн.

Бардык текшерүүлөр жана күбөлөрдүн жана жабырлануучунун өзүнүн көрсөтмөлөрүнөн кийин 2021-жылдын 12-февралында Токмок шаардык соту аны күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Соттун өкүмү менен макул болбогон жактоочусу аны актоо өтүнүчү менен аппеляциялык арыз жазган.

2021-жылдын 2-апрелинде Чүй облустук сотунда биринчи соттук отурум өткөн. Айыпталуучунун жактоочусу ДНКны Алматыга дайындоону суранган. Сот четке каккан. Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин соттук коллегия прокурордун соттолуучу менен баланын аталыгын аныктоо үчүн экинчи ДНК-изилдөөсүн жүргүзүү өтүнүчүн колдогон. 

Ал белгилегендей, ишти Чүй облустук сотунда кароо 2021-жылдын 2-апрелинен бери уланууда. Ал эми кылмыш иши жабырлануучунун беш айлык боюнда бар кезинде козголгонуна карабай, 2023-жылдын сентябрь айында зордук-зомбулуктан төрөлгөн бала төрт жашка чыгарын баса белгиледи.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу Назгүл Турдубекова президент Садыр Жапаровго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго, Акыйкатчы Атыр Абдрахматовага кыздын укугун калыбына келтирүү чараларын көрүүнү өтүнөт.