Токмоктогу чагылган түшкөн окуяга күбө: «Чагылган алар жашынып турган бакка түштү. Курбум шайыр жана сулуу болчу»

Кечээ, 2-июнь күнү Токмок шаарында №3 мектептен 3 окуучуга чагылган түшүп, 7-класстын окуучусу каза болгон. Окуяга күбө болгон маркумдун курбусу окуя тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айтып берди.

«Кечээ күнү кечке маал мектептин аянтчасында ойноп жатканбыз. Жаан катуу жаап жаткан. Негизи көпчүлүк волейбол ойноп жаткан. Бизди класска чакырып, сабакка кирип кеттик. Калгандары үйлөрүнө кетишти. Үчөө ойноп калышкан. Класстын терезеси алар ойноп жаткан аянтка карагандыктан бизге баары көрүнүп турду. Жаан төгүп киргендиктен үчөө бактын астына кире качышты. Бир маалда чагылгандын түшкөнүн көрдүм. Бирок кимге түшкөнүн биле албай калдым. Жаан төгүп аткандыктан бизди «телефонуңарды өчүргүлө да, үйүңөргө баргыла» деп кетирип салышты. Биз чыгып баратканда «Тез жардам» келип, аларды ооруканага алып кетти. Үйгө келгенде курбумдун каза болгонун уктум.

Курбум абдан шайыр, боорукер, татынакай, сулуу кыз болчу», — деп эскерди курбусу.