Токмоктогу абакта жашы жете элек кызга ыплас аракеттерди жасоого шектүү асынган абалда табылды

Токмоктогу убактылуу кармоочу жайда жашы жете элек кызга ыплас аракеттерди жасоого шектелген жаран асынып алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-октябрда Токмок ШИИБи тарабынан жашы жете элек кызга ыплас аракеттерди жасоо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары алардан батир ижарага алган, мурда бир нече жолу соттолгон 1973-жылы туулган киши кармалган. Ал саат 04:00дө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Саат 08:45тер чамасында камерада жалгыз болгон шектүү асынып алган. 

Аталган факты катталып, териштирүү башталган. Бүгүн, 26-октябрда топтолгон материалдар Чүй облустук прокуратурасына жөнөтүлгөн. Кызматтык териштирүү жүрүп жатат.