Abank july
SerepTV Logo

Токмоктогу үйдөн ири суммадагы акча уурдалган. Шектүүлөр кармалды

Токмоктогу үйдөн ири суммадагы акча уурдалган. Шектүүлөр кармалды

Токмокто каракчылыкка шектелген үч адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

2-июнда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 1969-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Ал 2-июнга караган түнү болжол менен саат 01:30дан 02:30га чейин белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, уктоочу бөлмөсүнүн эшигин бузуп, ири өлчөмдөгү акча каражаттарын уурдап кеткенин билдирген.

Шектүүлөр үйдөн 70 миң рубль, 2 миң доллар, 100 миң казак теңгесин жана 400 миң сомду алып кеткен.Окуя болгон учурда үйдүн ээси кылмышка шектүүлөрдүн бирин окуя болгон жерде кармаган. Бирок калган эки шектүү анын үй-бүлө мүчөлөрүнө күч колдонобуз деп коркутуп, өз шеригин бошотууга жетишип, андан соң үчөө тең окуя болгон жерден качып кетишкен.

Аталган факты Токмок ШИИБге  катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.Шектүү катары 2007, 2009 жана 2008-жылы туулган жарандар кармалган. Соттун чечими менен экөөсү бир айлык камакта кармоо, дагы бирине эки айлык камак түрүндө бөгөт чарасы тандалган.