Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Токмок шаарынын «кароочусу» деп аталган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, бир нече жолу соттолгон, “Токмок шаарынын кароочусу” деп катталган жаран жеке ишкерден 5 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап алуу фактысы боюнча кармалды. Шектүү физикалык басым жасоо жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучу аркылуу унааларды тейлөө чөйрөсүндөгү ишкерден туруктуу негизде акча талап кылып алып турганы аныкталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ал 1 миң доллар талап кылып, алып жаткан жеринен кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК мамлекеттик объектилерди жана жерлерди мамлекеттин балансына кайтаруу иштеринин алкагында Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө “Ак-Сай” цемент жоопкерчилиги чектелген коому...
9-августта Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин №1 шаардык милиция бөлүмүндө М.А. аттуу жарандын каза болушу боюнча Ленин районунун прокуратурасы тарабынан КЖКнын...
Кечээ, 12-августта саат 11:00 чамасында Лев Толстой жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол оңдоо ишинин кызматкери менен Toyota RAV4 автоунаасынын айдоочусунун...
6-августта Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жер тилкелерин өзүм билемдик менен ээлеп алууга жана мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу максатында комиссия...
8-августта козголгон кылмыш ишинин алкагынд Жазык-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, 1962-жылы туулган И.Г. аттуу жаран кармалды. Алдын ала маалыматтар...