Токмок шаарынын мэри УКМК тарабынан камакка алынды. Камакка алуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жетекчилиги астында Токмок шаарында өтүп жаткан жыйындын жүрүшүндө орун алган.
23-июнда Инстаграмдагы tokmok_live баракчасында Токмок шаарынын 1-3-кичи райондорунун тургундарыбыз деген адамдар президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан. Видео кайрылууда ал аймакка салынып жаткан жаңы сейил бактын курулушу убагында бүтпөй жана курулуш сапатсыз жүрүп жатканын айтышкан.
24-июнда социалдык тармактарда Токмок шаарынын мэриясынын имаратынан жарандык кийимчен адамдар үч кишини алып чыгып кетип баратканы тартылган тасма тараган.