Токтогул районундагы үйлөрдүн биринен 62,4 килограмм баңгизат сакталган жашыруун жайды табышкан. Кылмышка шектүү жаран бангизат салынган баштыктарды үйдүн короосуна көмүп катып койгону аныкталган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
ИИМдин кызматкерлери Токтогул РИИБдин Тергөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте издөөчү иттердин жардамы менен кинологдордун катышуусунда тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүүнүн жыйынтыгында аталган үйдүн короосунун аягынан жерге көмүлгөн 10 мүшөк табылып, анын жалпы салмагы 71 килограмм 268 граммды түзгөн кара куурайдын өзгөчө жыты бар кургатылган чөп тектүү заттар табылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү Токтогул районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
10-март күнү саат 20:35 чамасында «102» кызматына белгисиз жүк ташуучу унаанын айдоочусу 2006-жылы туулган А.Б.К. аттуу жаранга карата зордуктоо кылмышын...
9-мартта социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында «Facebook» социалдык тармагындагы «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт колдонуучусу аркылуу Кыргыз Республикасынын бийлигин каралоого жана...
УКМК тарабынан коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында кечээ, 10-мартта 1980-жылы туулган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты К.К.К.га карата кылмыш иши козголду. Тергөө...