Токтогулда жаш жигиттин башкаруусундагы унаадан 7,4 килограмм гашиш табылды

8 килограммга жакын “гашиш” баңгизаты менен Нарын облусунун 2 тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

14-октябрда түнкү саат 02:00дө Бишкек-Ош унаа жолунда 1997-жылы туулган жарандын башкаруусундагы Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын ичинде 1996-жылы туулган жигит да болгон. Жогорудагы унаага тинтүү жүргүзүүдө багажынан кара түстөгү спорттук сумка табылган. Анын ичинде скотч менен оролгон, таңгакталган өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү 15 таңгактагы зат табылган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат жалпы салмагы 7 килограмм 491 граммды түзгөн гашиш баңгизаты болуп чыкты. Азыркы учурда кармалган жарандар Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул баңги кылмышына тиешелүү башка жарандарды аныктоо боюнча мындан аркы иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.