Жасалма мамлекеттик номур менен унаа башкарып бара жаткан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Кечээ, 18-август күнү Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунан Ауди А4 үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу жасалма мамлекеттик номур тагып, унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалган. Бул факты боюнча айдоочуга укук бузуулар Кодексинин 449-беренесине ылайык 20 миң сом айып салуу менен унаасын убактылуу короо жайына токтотушкан.












