Токтогулда көк бөрү командасынын капитаны кармалды. Анын үйүнөн баңгизат менен ок атуучу курал табылган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Милицияга Бишкек шаарынын аймагында көп убакыттан бери ири өлчөмдө «гашиш» баңги затын сатып келген кылмыштуу топ боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан «баңги затын сатуучу» катары мурда соттолгон жаран 1981-жылы туулган жаран аныкталган. Шектүү жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган, учурда Токтогул районунун көк бөрү ат оюндары боюнча курама командасынын капитаны.
Рейддин жүрүшүндө 7-июль күнү саат 23:00 чамасында Бишкек шаарында жарандын башкаруусундагы Мерседес-Бенц-814 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда табылган банкада баңгизат жасоочу аппараттар — ширенке кутучасы түрүндөгү 2 даана «Hony-Bag Basic KIT 5» фирмасынан чыгарылган темирден жасалган тор бар болгон. Андан аркы жарандын жашаган жеринде өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү тегерек формадагы зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында бул зат 62,32 грамм салмактагы «гашиш» баңги заты болуп чыкты.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле, баңгизат даярдоочу челек жана буюмдар табылды. Ал эми үйдүн короосундагы жашыруун жайда тиешелүү документтери жок ок атуучу курал сакталып турган. Учурда бул факты боюнча экспертиза дайындалды. Шектүү 2 айга камакка алынды.