Токтогулда мугалимдер жол кырсыкка кабылып, математика мугалими көз жумду

Токтогул районундагы К.Чокоев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалимдери жол кырсыгына учураган. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

«Учурда 2 мугалимдин абалы оор, 3 мугалим хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Тилекке каршы, мектептин математика мугалими Сүйүнбү Момунбаева алган жараттарынан улам каза болду. Билим берүү жана илим министрлиги Токтогул районунда мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгын терең кайгыруу менен кабыл алды. Маркумдун жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Кырсыкка кабылгандарга Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.