УКМК Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жергиликтүү тургундар өзгөчө ири өлчөмдө баңгизатын жасап саткандыгы үчүн кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Токтогул районунун Буракан айылында жаран кошунасынын үйүндө гашиш жасоону уюштурган. Үй ээлеринин туруктуу жоктугунан пайдаланып, чогултулган марихуананы камдап, кийин сатуу үчүн ар кандай прекурсорлорду колдонуу менен гашиш жасагандыгы аныкталган.
«Шектүү өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары көрсөтүп келген. Жергиликтүү укук коргоо органдары менен бир нече жолу чыр-чатакка барган. Өзүнүн көмөкчү чарбасынын кызматкерлерин жапайы өскөн кара куурай чогултууга жана гашиш жасоого мажбурлаган», — деп жазылат билдирүүдө.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн жашаган жерлерин тинтүү учурунда жалпы салмагы 35 килограмм болгон баңги каражаттарынын ири партиясы (гашиш жана марихуана) табылган. Ошондой эле баңги каражаттарын даярдоо үчүн жабдуулар алынган.
Учурда кармалган 3 шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.