Токтогулда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
23-октябрь күнү милицияга 1987-жылы туулган Кара-Көл шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, анда 19-октябрь күнү саат 17:00 чамасында1976-жылы туулган жолдошу өзүнүн тааныштары менен бирге Токтогул районундагы 8-Кашар жайлоосуна кеткен бойдон дайынсыз экендигин айтып аны табууга жардам сурап кайрылган. Аталган маалымат Кара-Көл ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, аймактык караштуулугу боюнча Токтогул РИИБдин тергөө кызматына жөнөтүлүп, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
23-октябрь күнү дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө учурунда Токтогул районунун Кара-Суу дарыясынын жээгиндеги дарактын бутактарына илинип калган 45-50 жаштар чамасындагы кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган. Ал эми жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошол эле күнү Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишине шектүү катары 1962-жылы туулган Кара-Көл шаарынын тургуну мурда соттолгон жаран кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө 1962-жылы туулган жаран өзүнүн жасаган кылмышын мойнуна алып, маркум экөө өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетип, аны балта менен башына чаап өлтүрүп алып, сууга ыргытып жиберген жана окуя болгон жерден изин жашырып кеткендиги маалым болгон.
Ал эми 25-октябрь күнү Токтогул райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынып, эки айга камакка алынды. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.