Токтогул милициясы талаадан ири өлчөмдө баӊги затын чогултуп жаткандарды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, район аймагындагы талаадан салмагы болжол менен 63 килограммды түзгөн өзгөчө кескин жыты бар баӊги затын чогултуп жаткан жеринен Токтогул районунун 1982 жана 1988-жылы туулган тургундар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.