Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагындагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жарылуучу пиротехникалык каражаттарды ташыган HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен фейерверктер жарылып, ири өрт чыккан. Саат 21:40та жана 22:04тө Балыкчы шаарынан өрт өчүрүүчү 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт 23:05те чектөөгө алынып, тилсиз жоону өрт өчүрүүчүлөр күжүрмөндүк менен түнкү саат 1:31де толук өчүрүштү.
Тилекке каршы тилсиз жоонун кесепетинен жүк ташуучу унаадагы бир адам каза болду.