27-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок-1 айылында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары, болжол менен 30 турак үйдүн короо-жайларын, жер төлөлөрүн жана ички жолдорду каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 28-август күнү тазалоо иштерин жүргүзүүгө 3 адамдан турган ыкчам топ, Балыкчы шаарынан 17, Тоң районунан 6, Ысык-Көл районунан 2 куткаруучу чыгышкан. Мындан сырткары аныктоо иштерин аткарууга Мониторинг жүргүзүү жана тазалоо иштерине көзөмөлдөө департаментинен 4 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 42 адам чыкты. Ошондой эле оор жумуштарды аткарууга ӨКМден 6, жергиликтүү бийликтен 2 техника тартылды.