Тоңдогу өрттөн улам эмнелер күйгөндүгү айтылды

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок-2 айылындагы ачык аянтта чыккан ири өрт кечээ, 24-мартта саат 21:30да толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоонун кесепетинен 2 сарай жана 1 үйдүн дубалы, болжол менен 50 гектар аянттагы куураган чөп, бадалдар, бак-дарактар күйгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн өрт өчүрүүчүлөрү жана Токой чарба кызматынын кызматкерлери тарабынан нөөмөт уюштурулган.