21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Мындан улам суу каптоо коркунучу жаралгандыгы тууралуу маалымат түшүп, адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында Тоң райондук №38 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жеринде иш алып барууда. Куткаруучулар Күн-Чыгыш айыл аймагындагы Балык завод тилкесинин жана Туура-Суу айылынын жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялоону жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эскертип, суу нугун буруу иштерине чыгып кетишкен.
Туура-Суу гидропостунун маалыматы боюнча, бийик тоолуу Зындан көлү жырылып, суунун көлөмү көбөйгөн. Аталган гидропосттун кызматкери көлдүн жырылуусун тактагандыгы аныкталган.
Акыйкатчы институту Балыкчы шаарында 14 жаштагы окуучунун өлүмү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге башынан эле мониторинг жүргүзүп келет. Бул тууралуу Акыйкатчы...
Ош шаарында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Ош ШИИБдин Патрулдук милициясынын инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 5-июль...
Саламаттыкты сактоо министрлиги 2025-жылдын акыркы эки айында Бишкек жана Ош шаарларындагы жеке медициналык уюмдарды кеңири масштабда текшерүү иштерин жүргүздү. Жалпы...
Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой...