Төө-Ашуудагы туннелди суу каптады

Транспорт министри Тилек Текебаев канализацияга таштанды толуп калып, туннелди суу каптаганын, учурда абал жөнгө салынганын айтты. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Элдин кайрылуусу менен Төө-Ашууга келип, туннелдин оңдоосун тездетүүнү тапшырдым. Тезинен бүткөрүү үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө! Учурда жарыктандыруу иштери жүрүүдө, андан соң эле жаңы асфальт төшөлөт. Туннелдин канализациясына таштанды толуп, суу акпай айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып калган экен. Маселе тезинен чечилип, учурда калыбына келди», — деп жазылат министрдин билдирүүсүндө.

Ошондой эле ал июнь айында башталган объектидеги оңдоо иштери быйыл бүтөт деди.