Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен 2 өспүрүмдүн бирөөсүнүн жансыз денеси табылды

Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен 2 өспүрүмдүн бирөөсүнүн жансыз денеси табылды.

Кечээ, 14-май күнү саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн (болжол менен 15-20 жашта) балдар сууга чөккөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. Издөө иштерине саат 20:50дө үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу тартылып, түнкү саат 00:00гө чейин издөө иштери жүргүзүлдү.

Бүгүн, 15-май күнү саат 05:50дө 15 куткаруучу издөө иштерин улантууга чыгып, саат 08:35де 2009-жылы туулган  өспүрүмдүн сөөгү табылган. Издөө иштери уланууда.