Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен экинчи өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен экинчи өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМДен билдиришти.

14-майда саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн (болжол менен 15-20 жашта) 2 бала сууга чөккөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. ӨКМдин Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучуларынын издөө иштеринин натыйжасында 15-май күнү саат 08:35те 2009-жылы туулган өспүрүмдүн жансыз денеси табылган.

2006-жылы туулган өспүрүмдүн жансыз денеси бүгүн, 18-майда саат 14:14тө Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тарабынан табылды.