«Тосмо арыз жазган». Токмоктогу мал базарда аксакалдын 120 миң сомун уурдоого шектүү сот залынан бошотулду

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдоого шектелип кармалган жарандын иши кыскартылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, карыя тосмо арыз жазган. Шектүү сот залынан бошотулган. Мындай чечимди 16-январда Токмок шаардык соту чыгарган.

16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктун мал базарында ашка жылкы алганы барган карыянын 120 миң сомун уурдап кетишкени тууралуу видео тараган. Чөнтөкчүлөрдү аксакал байкабай да калган. Айласын таппай турган карыяны көргөн жарандар ошол жерден акча чогулта башташкан. Алар 115 миң 500 сом чогултуп беришкен. Кылмышка шектелип 1983-жылы туулган Токмок шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал келтирилген 120 миң сом чыгымды милицияга кайтарып берген. Ага уурулук беренеси боюнча айып тагылган.