Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда шайлоо үгүтчүлөрү тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча видео тараган. Тасмада айдоочунун жолдун талаптарын сактабагандыгы байкалган.
Бул маалымат боюнча Жалал-Абад облусунун ЖКККнын кызматкерлери эреже бузган айдоочуну аныктап, ага 1000 сом айып салынды.









