БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов үй камагына чыгарылды

Бүгүн, 1-июль күнү Чүй облусунун мурдагы губернатору, БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов үй камагына чыгарылды. Бул чечимди Биринчи Май соту чыгарды.

Ал 30-апрелде УКМК тарабынан өкмөттүн БШКнын төрагасы болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, кармалган.