«Тууганынын баласы менен чырдаша кетип, сабап салган». Ошто издөөдө жүргөн жаран кармалды

Ошто милиция издөөдө жүргөн 1968-жылы туулган жаранды кармады. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал 2021-жылдын апрель айында жакын тууганын баласы менен чырдаша кетип, анын денесине оор жарат келтирип, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Шектүү мурда наркотикалык заттарды мыйзамсыз сактагандыгы боюнча соттолуп чыккан.