Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан Афтандил Жоробеков эки айга камакка алынды

7-декабрь күнү социалдык тармактарда баракчасы аркылуу республикада коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана массалык баш аламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасаган баракчанын ээси, эч жерде иштебеген А. Ж. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Анын жашаган дарегинде тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында далил катары бир нече уюлдук телефондор, фотоаппарат, «Dell», «MacBook», «Leonovo» жана башка үлгүдөгү ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, ар кандай техникалык каражаттар жана банк карталары табылып алынган.

Шектүүгө таандык болгон техникалык каражаттарынын орточо баасы 3 миллион сомдон ашык сумманы түздү. Ыкчам маалыматка ылайык, шектүү көптөгөн техникалык каражаттарды «Temirov Life» жана башка чет өлкөдөн каржыланган блогерлер менен биргеликте колдонуп, коомдун оюн терс жакка бурмалоо жана республикадагы кырдаалды туруксуздаштыруу максатында уюштурган.

Жогоруда айтылган фактылар боюнча тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык баш аламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талтарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктарга) менен кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүп жатат жана кошумча аныкталган ыкчам маалыматтар укуктук баа берүү үчүн толук кандуу текшерүлүүдө.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүү катары кармалган шектүү эки айга тергөө абагына камакка алынды. Азыркы учурда, шектүү көптөгөн техникалык каражаттарды кандай максатта топтогон, ишмердүүлүгү кимдер тарабынан каржыланган жана ал менен биргеликте баш аламандыкты уюштурууга аракет кылган байланыштары такталууда.

«БеспределKG» баракчасынын администратору катары таанымал Афтандил Жоробеков Бишкекте 9-декабрда тууну өзгөртүүгө каршы акция өткөрө турганын жарыялаган. Кийин анын Октябрь райондук милициясына сүйлөшүүгө чакырылганын, андан ары УКМКга чакырылганын билдирген. Ал эми 3-декабрдагы Бишкекте тууну өзгөртүүгө каршы автожүрүш башталбай жатып бүткөн.