Abank
SerepTV Logo

"Аягына чейин турам". Тууну өзгөртүүгө каршы акция өткөрөм деген жарандык активист УКМКга да кирип чыкты

"Аягына чейин турам". Тууну өзгөртүүгө каршы акция өткөрөм деген жарандык активист УКМКга да кирип чыкты
Кечээ, 3-декабрда «БеспределKG» баракчасынын администратору катары таанымал жарандык активист Афтандил Жоробеков Бишкектин Октябрь райондук милициясынан чыккан соң, УКМКга да кирип чыкканын да билдирди. Буга чейин жарандык активист Бишкекте 9-декабрда тууну өзгөртүүгө каршы акция өтө турганын, 3-декабрда репетиция катары авто унаалардын коштоосунда жүрүш болорун билдирген. Бишкек мэриясы борбор калаада тынч жыйындарды жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганын эскертип, автожүрүш тууралуу расмий билдирүү албаганын маалымдашкан.