Жалал-Абадда шахтадан газ чыгып, бир жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 11-октябрда түнкү күнү саат 02:29 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кен өндүрүүчү ишкананын инженеринин кайрылуусуна ылайык, шахтанын ичинде газ чыккандыгы кабарланган. Шахта ичинде калып калган жаранды куткарууга мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 9 куткаруучу тартылган.
Кырсыктын кесепетинен 24 жаштагы жигиттин сөөгү табылган, куткаруучулар сөөктү алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.